super.kg logo

Пакистандагы үйлөнүү үлпөт тою 22 адамдын өлүмү менен аяктады

 

Пакистандын түндүгүндө үйлөнүү үлпөттө келин отурган той кортежиндеги автобус дарыяга кулап кетип, кеминде 22 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 12-ноябрда Гилгит-Балтистан провинциясынын Диамер районунда болгон. Бактыга жараша, куткаруучулар келинди суудан аман-эсен алып чыгышкан. Ал түрдүү оордуктагы жаракаттарды алгандыктан аймактык ооруканага жаткырылган.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари каргашалуу кырсыктан улам каза тапкандардын жакындарына көңүл айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: