super.kg logo

Грузияда оппозиционер шайлоо комиссиясынын төрагасына кара боёк чачып жиберди (видео)

 

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Георгий Каландаришвилиге оппозициячыл Давид Киртадзе кара боёк чачып жиберди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, борбордук шайлоо комиссиясы 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонунун жыйынтыгы боюнча маалымат берүүгө чогулган. Жыйын телеканалардын биринде түз эфирде көрсөтүлүп жаткан.

Бул арада БШКнын имаратынын алдында оппозиция партияларынын тарапташтары митинг өткөрүп жатышканы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 27-октябрда Грузиянын президенти Зурабишвили оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ал бардык жарандарды көчөгө нааразычылык акциясына чыгууга чакырган.






16.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: