"Калыстар туруп, кол чаап..." Бегимай Турусбекова "Царица" сынагынын 3-берүүсүндө жогорку балл алды (видео)
Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова Орусияны багындырууда. Ал Москва шаарында өтүп жаткан “Царица” аттуу вокалдык шоу-сынагынын 3-берүүсүндө калыстардын алкоосуна татып, жогорку баллга ээ болду.
Бул чыгарылышта ал Орусиянын белгилүү ырчысы Дмитрий Колдун менен деут ырдап чыккан. Алар ырчы мырзанын репертуарындагы “Царевна” ырын жеткире ырдап, төрт калыстардын 10дон баллына жана студиядагы көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту.
Калыстар мүчөлөрү Бегимай менен Дмитрий ырдап бүткөн соң ордуларынан туруп кол чаап жатканын видеодон көрүүгө болот.
Бегимай Турусбекова "Царица" сынагынын 3-берүүсүндө жогорку балл алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.