Бишкектеги троллейбустар базасына электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулат





Бишкек шаарында эки троллейбус ДЕПОсуна электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, учурда Москва жана Шабдан Баатыр көчөсүндөгү автопарктарда казуу, демонтаждоо иштери жүрүүдө.
"Реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Биринчи этапта 120 электр автобустарын жана кубаттагычтарды алып келүү пландаштырылса, экинчи этапта эки базаны толук реконструкциялоо каралган", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия базада жайгашкан троллейбустар Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына, башка региондорго бөлүштүргөнчө убактылуу ташылып жаткандыгын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.