Мэрлик кызматка талапкерлер Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерин өткөрө элек
Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлер азырынча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерин өткөрө элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда талапкерлер аталган комиссияга телефон аркылуу байланышка чыгып, кандай документтер талап кылынары тууралуу гана тактап, сурап жатышат. Эске салсак, талапкерлердин документтерин кабыл алуу 8-январь күнү токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

