Легендарлуу португалиялык футболчу Эйсебио 71 жаш курагында көз жумду



Эйсебио акыркы күнүнө чейин футбол чөйрөсүнөн алыстаган жок. Аны Португалия курама командасынын оюндарында дайыма кезиктирүүгө мүмкүн болчу.

Футболчунун 60-жылдардагы зор ийгиликтери анын акыркы күнүнө чейин бааланып, ага түрдүү сыйлыктар тапшырылып келген.

Кези келсе күчкө, кези келсе ыкмаларга таянган Португалия курама командасынын бир кездеги лидеринин оюну эч кимди кайдыгер калтырган эмес.

Эйсебиону гол машинеси десек туура болот. Ал карьерасында 571 оюн өткөрүп, 585 гол киргизген. Анын ичинде Португалия курама командасы үчүн 64 оюнда 41 гол киргизген.

Ошол кездеги Германия курама командасынын лидери Герд Мюллер менен.

Эйсебио белгилүү футболчулар Пеле (Бразилия), Герд Мюллер (Германия), Бобби Чарльтон (Англия) сыяктуу алптар менен замандаш. Бирок, аны ошолордун арасынан да айырмалап турган жогорку ылдамдыктагы оюну болгону анык.
Легендарлуу португалиялык футболчу Эйсебио 71 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда европалык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, португалиялык “Бенфика” клубунун жана Португалия курама командасынын экс-футболчусу 4-январдан 5-январга караган түнү жүрөк оорусунан улам каза тапты. Ал 25-январда 72 жашка толмок.
Эске салсак, Эйсебио профессионалдык карьерасын 15 жашында баштаган. Ал футболчулук карьерасында 11 ирет Португалиянын чемпиону аталган. 1966-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда ал 9 гол киргизип, Португалиянын курамында мелдештин коло медалына ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
aziza.jusupova

05.01.2014. 18:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jayly bolsun topuragy torko b.n
zman53

05.01.2014. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Африкадан чыккан биринчи мыкты футболисттердин бири болгон.Лиссабондун "Бенфика" командасында ойногон.Пеледен кийинки мыкты футболистердин бири.Кличкасы "Черная пантера".
Real_Madrid95

05.01.2014. 18:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.