super.kg logo

АКШ атып түшүргөн НЛОнун тагдыры белгилүү болду

 

АКШынын F-16 истребители атып түшүргөн НЛОнун калдыктары табылганы ачыкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар CTV News каналынын маалыматына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка карганда, былтыр февраль айында АКШ менен Канаданын чек арасында сегиз бурчтуу объект америкалыктар тарабынан атып түшүрүлгөн. Анын калдыктары Гурон көлүнө түшкөн. Окуя эки өлкөнүн чек арасындагы болгонуна байланыштуу объектин калдыктарын издөө иштерине Канаданын Королдук атчан полициясы менен АКШнын Жээк коопсуздук кызматы тартылган. Бирок майнап чыкпагандыктан издөө иштери октябрь айында токтотулган.

Ага ылайык, жакында CTV News каналы НЛО боюнча маалымат берүү өтүнүчүн Канаданын Улуттук коргоо министрлигине жөнөткөн. Натыйжада, министрлик учактын сыныктары табылып, андан ары талдоо үчүн лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдирген. Бирок изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат берген эмес. Табылган калдыктар улуттук коопсуздукка коркунуч туудурбай турганын гана белгилеп, тынчсыздануу жоктугун маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: