super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Абхазиядан келген унааларды мыйзамдаштырууну сунуштады

 

Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Абхазиядан мурун кирген унааларды мыйзамдаштырууну сунуштады.

Ал буга мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерге берилип жаткан мунапысты мисал кылды.

"Жерлерге документтерди берип мыйзамдаштырган учурлар болду. Бирок, өкмөт, бир маселеде чечкинсиз болуп жатасыңар. Абхазиядан келген 15 миңден ашуун унаа бар. Эмне үчүн мурда өкмөт, Бажы кызматы түзгөн комиссия маселени чечпейт? Биздин 10 миңдеген жараныбыздын маселесин чечип, мыйзамдаштырып берели дагы, мындан кийин алып киргенге тыюу салбайлыбы?

Алар Абхазиядан келген унааларды 4-5 миң долларга алып, тиричилик кылып туралы деген карапайым адамдар. А жанагы аткезчилик менен алып келип жаткан, ортомчулук кылгандарды камагыла керек болсо! Депутаттарга болгон жөнөкөй адамдардын кайрылуусу толуп кетти", - деди Акаев.






Жогорку Кеңеш 21.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: