super.kg logo

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран дагы кылмыш кылган. Ал Оштон кармалды (видео)

 

Бишкекте бир катар уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда милицияга 23 жаштагы калаа тургуну кайрылып, күн мурун көп кабаттуу үйлөрдүн биринен Гигант үлгүсүндөгү велосипедин уурдатып жибергенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы А.Ч. аттуу жаран Ош шаарынан кармалган.

Учурда Бишкекке жеткирлип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Тергөө иштери улантылууда.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, эгерде сиз шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган болсоңуз, же кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 0703 351 565, 0705 070 808, 0772 803 038 номурларына же 102 кыска номуруна кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: