super.kg logo
  Саясат  

Тамчыдагы аэропорттун маңдайына 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп баштады

 

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы аэропорттун маңдайына 5 жылдыздуу мейканалар курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал курулуш иштерин жүргүзгө 7 компания тартылганын белгилеп, "Авангард", "Хан-Теңири", "Елизавета" өңдүү курулуш ишканаларына 10 гектардан жер бөлүнүп берилгенин айтты. Ошондой эле Туманбаев учурда иштер башталганын кошумчалап, курулуштун долбоорлорун компаниялар өздөрү сунушташканын белгиледи.

Эске салсак, октябрь айында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Тамчы аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу 9 мейманкана салынарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: