"Бензинге окшош суюктук чачып..." Бишкекте гараждарды демонтаждоо учурунда ызы-чуу чыкты (видео)

Маалымдагандай, Псковская көчөсүнүн №71 дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталган.
"Уруксат берилбеген объектилердин ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткан окуя катталды. Окуя учурунда объектилердин ээлери тарабынан бензинге окшош суюктук мэриянын кызматкерлерине чачылып, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы жана атайын техникасы да жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия бул жерде мурда гараж кооперативи жайгашкандыгын айтып, буга чейин башкармалыктын кызматкерлери аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн белгиледи.
Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.
Бишкекте гараждарды демонтаждоодо ызы-чуу чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.