super.kg logo

Миллиард сомдук "Асыл-Таш" пансионаты мамлекетке өттү. УКМК пансионат Равшан Жээнбовдуку болгонун айтты

 

Ысык-Көлдөгү баасы 1 миллиард сомдон ашык "Асыл-Таш" пансионаты мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында болжолдуу баасы 1 миллиард сомдон ашык имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлктүк комплекси, ошондой эле 13,33 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган.

"Жээнбеков Равшан Бабырбекович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 гектар участокту жана "Асыл-Таш" пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 миллион 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Р. Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон.

Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда "Асыл-Таш" пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК "Асыл-Таш" пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда "Кемпир-Абад" кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков болгондугун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: