Конор Макгрегор зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылды
Жарандык сот UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегорду сексуалдык зомбулукка күнөөлүү деп таап, 248 миң евро айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя 2018-жылы Дублинде болгон. Сот айыптоочу тараптын жүйөлөрүн колдоп, 36 жаштагы мурдагы UFC чемпионунун айыбын аныктаган.
Чечим жарыялангандан кийин Макгрегор комментарий берүүдөн баш тартып, сот залынан чыгып кеткен. Кийинчерээк ал анын юридикалык тобу апелляциялык арыз даярдап жатканын айтты.
Макгрегор сотто эч кандай зордуктоо болбогонун кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-07-15

0:26
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.