Трамп АКШ армиясын трансгендерлерден кайрадан тазалоону көздөөдө
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп бардык трансгендерлерди аскер кызматтарынан бошотуу жана аларга аскер кызматын өтөөгө тыюу салган мыйзамга кол коюшу мүмкүн экенин The Times басылмасы жазды.
Басылма Коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, мындай жарлыкка Трамп президенттик мөөнөтүнүн биринчи күнүндө эле кол коюшу мүмкүн экенин, ага ылайык, өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү 15 миң трансгендер бошотулушу мүмкүндүгүн жазган.
Эске салсак, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө дагы ушундай эле тыюуну киргизген, бирок кийин Байден трансгендерлерге АКШ армиясында кызмат өтөөгө уруксат берген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-07-15

0:26
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.