super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов баштаган бир нече чиновникке сөгүш жарыялады (тизме)

 

Президент Садыр Жапаров мугалимдерге ноутбук сатып алууда милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өкмөт башчыга жана өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөр сөгүш алган: Министрлер кабинетинин төрагасы – Акылбек Жапаров;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

Билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева;

Президенттик администрациясынын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбекова;

Президенттик администрациясынын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: