super.kg logo

Орусия августта украин аскерлери басып алган аймактын 40 пайыздан ашыгын кайтарууга жетишти

 

Украина августта Орусиянын Курск облусунда басып алган аймагынын 40 пайыздан ашыгын жоготту. Бул тууралуу Reuters агенттиги Украинанын Башкы штабындагы жогорку даражалуу булакка таянуу менен жазды. Анын айтымында, бул акыркы апталарда аймакта олуттуу жылыштарга жетишкен орус аскерлеринин контрчабуулунун натыйжасында болду.

Reuters булагы белгилегендей, Орусия Киевдин алдыга жылышын токтотуу үчүн Курск аймагына 59 миңдей аскерин жайгаштырган. Кошумчалай кетсек, украин тараптын маалыматы боюнча, октябрда Курск аймагына Түндүк Кореянын 11 миңдей аскери Орусияга колдоо көрсөтүү үчүн келген. Бирок алардын негизги бөлүгү окуусун аяктап, күжүрмөн аракеттерге кирише элек. Демек, орус аскерлеринин Курск аймагындагы ийгиликтери КЭДРден кошумча күчтөрдүн пайда болушу менен байланыштуу деп айтууга болбойт.

"Украинанын Курск аймагындагы августтагы операциясы Москва үчүн күтүүсүз болду, анткени Украинанын Куралдуу күчтөрү (ВСУ) Орусиянын бир топ аймагын басып ала алды", - деп белгилейт Reuters.

Кошумчалай кетсек, орус аскерлери Украинанын чыгышында да акыркы айларда олуттуу жылыштарга жетишти. Донецк облусунун Курахово аймагында алар күнүнө 200-300 метрге жылууда жана бул Покровск шаарынын маанилүү логистикалык борборуна коркунуч туудурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: