super.kg logo

Жо Байден атаандашы Трамптын инаугурациясына байланыштуу убада берди

 

АКШнын президенти Жо Байден президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамптын инаугурациясына катышат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Эндрю Бейтс журналисттерге билдирди.

"Президент шайлоодо ким жеңсе, анын инаугурациясына катышам деп убада кылган. Ал биринчи айым экөө ошол убадасын аткарышат. Ал муну биздин демократиялык баалуулуктарга берилгендиктен жана элдин тандоосун урматтай турганынан жасап жатат", - деген ал.

Дональд Трамп 5-ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Анын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында өтөт.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп Байдендин 2021-жылдын январында болгон инаугурациясына катышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: