super.kg logo

Түркия Кара деңиздеги Монтре конвенциясын катуу карманып жатканын айтты

 

Түркия Кара деңиздеги тең салмактуулукту бузбоо үчүн кысык зонасында кеме жүрүү эрежелерин жөнгө салган Монтре конвенциясын катуу карманат. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Яшар Гюлер парламентте аскердик ведомствонун 2025-жылга карата бюджетин тааныштырып жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал башталгандан бери биз Кара деңиздеги чыңалууну азайткан жана тең салмактуулукту орноткон Монтрекс конвенциясына жоопкерчиликтүү, калыс жана компромисстик түрдө баш ийдик", - деген ал.

Ошондой эле Яшар Гюлер Түркия эки өлкө ортосундагы чыр-чатакты башынан эле тезирээк чечүүгө умтулуп келерин белгилеп, тынчтык келишимине жеткирүү оңой болбой жатканын айткан.

Монтре конвенциясы – Эл аралык суу жолу болуп мамлекеттик укукта маанилүү орунду ээлеген, керек болсо Түркиянын жана бул аймактын геосаясаттык көз караш жагынан чоң мааниси бар түрк кысыктарынын статусу. Эл аралык келишим 1936-жылы 20-июлда Швейцариянын Монтре шаарында бекитилген.

Конвенция боюнча кара деңизге кирүүчү кысыктардын коопсуздугун түрк тарап карайт. Анда согушуп жаткан өлкөлөрдүн кемелерин деңизге киргизбөө каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: