super.kg logo

Грузияда президенттик шайлоонун датасы бекитилди

 

Грузияда президенттик шайлоо ушул жылдын 14-декабрына белгиленди. Тиешелүү токтом долбоору парламенттин пленардык жыйынында бир добуштан кабыл алынганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Парламент төрагасы Шалва Папуашвилинин айтымында, Грузиянын азыркы президенти Саломе Зурабишвилинин ыйгарым укуктары 16-декабрда аяктайт. Ал эми жаңы шайланган өлкө лидеринин инаугурация 29-декабрда болот.

Маалым болгондой, Грузиянын президентин биринчи жолу 300 адамдан турган шайлоочулар коллегиясы шайлайт.

Грузия - парламенттик башкаруу формасындагы республика. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт ишке ашырат.

Белгилей кетсек, Грузияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн. Анын жыйынтыгы менен “Грузин кыялы” саясий партиясы 89 мандат, ал эми калган төрт оппозициялык партия 61 мандат алып калган.

Шайлоо өткөндөн кийин өлкө башчысы анын жыйынтыгын кабылдабай тургандыгын айтып, мыйзам бузуулар бар экендигин билдирген.

Бул арада Тбилисиде оппозициячы партиялардын тарапкерлери жана тарапташтары нааразылык акциясын уюштурушкан






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: