super.kg logo

“Биз” тобунун концерти убагында башталып, убагында бүттү (фоторепортаж)

 
Концерт легендарлуу "Биз" тобунун репертуарындагы популярдуу ырлар менен башталды.
Алып баруучулукту куудул Ильяз Агыбай уулу аркалады. Өзү айтмакчы миңдеген тойлордун лауреаты баштан аяк тамашалары менен элдин боорун эзип отурду. Бирде жаш баланын үнү менен сүйлөп, бирде ырчыларды туурап ырдап, кай бирде Күмөндор "болуп" жатты.
Концерт шаңдуу болду, кызыктуу болду дегенден башканы айтуу мүмкүн эмес. Кол чаба берип алаканы кызаргандар жана күлө берип ичи ооругандар ушул жерде болду десек болот.
Адатта концерттин программасы жазылган кагаз залда илинип, артисттер ары өтүп бир, бери өтүп бир өзүнүн кезегин карачу эле. Бул жолу концерттин программасы өтө жупуну кагазга жазылып, музыкалык аппаратуранын бир капталына жабыштырылыптыр.
Топтун актуалдуулугун жылдар бою сактап келген нерсе - топтун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүндө десек болот.
Гитара чертен солист да чеке тердете ырдап жаткан Бактияр Токторовду колунан келишинче колдоп жатты.
Бактияр Токторов топтун мүчөлөрүн да эриктирген жок. Ырдап жатып айрым кайрыктарына келгенде микрофонду бирде баранчынын оозуна, бирде гитарачынын оозуна такап жатты.
Ырчы "Кечки туман" чыгармасын аткарууда. Албетте, тумандын коштоосунда...
"Буй-буй" кайрыктарын ким мыкты созорун аныктоо учурунда. Дээрлик бардык катышуучулар Бактияр Токторовчосунан "титирей" албаса да мүмкүн болушунча окшоштурушту.
Гримдөөчү бөлмөдөн бир кадр. "Биз" тобу концерттин алкагында бир ирет формаларын алмаштырышты.
Концерттин акыркы сөзүн Бактияр Токторов менен Ильяз Агыбай уулу айтты. Алардын дуэти концерт алкагында жаңырган акыркы чыгарма болду.
Демейде артисттердин көптүгүнөн баш адашып, издеген кишиңди кыйынчылык менен табасың. Бул жолку концерттин өзгөчөлүгү Спорт ордосунда жалаң гана "Биз" тобунун үнү чыгып турду. Бул дал ушул концертте тиешелүү кызмат алган кишилер менен "Биз" тобунун эстеликке түшкөн сүрөтү.
Жардамчылардын баш кийиминде жана футболкаларында "Биз" деген жазуу бакырайып көрүнүп турду. Бул эмнени айтып турат? Спорт ордосунда бүгүн "Биз" кожоюн дегенди ээ?
Бүгүн, 5-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда легендарлуу “Биз” тобунун концерти болуп өттү. Концерт убада кылынган убакытта башталып, өз убагында бүттү. Бул тактыкка кол чапса болот. Тактык тууралуу сөз болгондо концертте “Биз” тобунан башка эч ким ырдабаганын жана концерттик программа дээрлик өзгөрүүгө туш болбогонун  айта кетели. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
06.01.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ushular voshe jakpayt maga
06.01.2014. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kg.elik, ажырашып кетда анда
09.01.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.elik, жакпаса эмнеге окуйсун, сенден бироо сурап жатабы жагабы, жакпайбы деп. Жакпаса жон эле башкасын окуй бер да...
дайыма живой ырдайт, секирип журуп. Анча-мынча артист болумуштар живой эмес, фонограмманы да эптей албай эле журушпойбу.
Биз болсо канча жылдан бери чачылбай журушот, МОЛОДЕЦ ай.
06.01.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга биз тобу ийгилик силерге (буй-буй-буй-буй)
06.01.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге жагат, кимге жакпайт бизге кандай айрымасы бар. Кимге жаккан болсо , ал концертке барыптыр. Зал толо эл болгон болсо, жакшы эле авторитети бар экен, демек.
06.01.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
живой ырдайт дешет го концерттерде Б.Токторовду. Азамат!
06.01.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Легендарлуу БИЗ тобу ийгилик селерге))
07.01.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chika78, bek007, ката оңдолду. Рахмат!
08.01.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийим илгич жокпу кайсы заман азыр столго деле илип койушса болмок тобо
09.01.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тобу ийгилик силерге.... аа баса акыркы фотодогу мойлочон брат кичинекей бек борбиевгоо... братан бектин братишкасы болом десен мен сага 100% ишенем...
13.01.2014. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз кимдерге жагары бештен белгилууда
25.01.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тобу кобойуп калган го,Ийгилик сиздерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: