super.kg logo

Өзбекстанда рак оорусуна чалдыккан аялдар бекер дарыланат

 

Скринингдин жыйынтыгында рак илдети аныкталган бейтаптарды дарылоого кеткен чыгымдар бюджеттик каражаттардын эсебинен жабылат. Мындай чаралар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон “Аялдар арасында онкологиялык ооруларга мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган. Бул тууралуу өзбек басылмлары жазышууда.

Маалымдалгандай, медицинанын баштапкы деңгээлинде 30-65 жаштагы аялдардын электрондук маалымат базасы түзүлүп, аларды медициналык текшерүүгө чакыруу системасы иштелип чыгат.

"2025-жылдын 1-январынан тарта маммографиялык сүрөттөрдү окуу борборун жана тест-системалардын сапатын контролдоо боюнча референттик лабораторияны түзүү пландалууда. 2025-жылдын 1-майына карата жатын моюнчасынын рагын скринингдин сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү жана эмчек рагын эрте аныктоо системасы иштелип чыгат. Ошондой эле скринингдик программага киргизилген аялдарга кайра кайрылуу системасы киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда акыркы 3 жылда эмчек рагына чалдыккандар көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2019-жылы 3 718 учур катталса, 2022-жылы 4 164 жаңы учур (өсүү 12%) катталган. Башка рак түрлөрүнө караганда өлүмдүн деңгээли жогору (5,0/100 миң).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: