Дүйнөдөгү эң кары адам каза болду
Улуу Британияда Жон Альфред Тиннисвуд 112 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тиннисвуд ушул жылдын апрель айында дүйнөдөгү эң кары адам деп табылган. Ага дүйнөдөгү эң кары адам статусу анын мурунку ээси, 114 жаштагы венесуэлалык Хуан Висенте Перес Мора каза болгондон кийин өткөн.
Жон Тиннисвуд белгилүү лайнер Титаник чөгүп кеткен жылы, тагыраагы 1912-жылы 26-августта Ливерпулда туулган.
Гиннесстин маалыматы боюнча, Жон Тиннисвуд 25-ноябрда Саутпорттогу карылар үйүндө каза болгон. Ал акыркы мүнөттөрүндө музыка уккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.