super.kg logo

Исламабаддагы митингчилер полиция менен кагылышты (видео)

 

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын абактан бошотулушун талап кылган тарапташтары полиция менен кагылышып, Исламабаддын борборуна бийлик орноткон баррикадаларды бузуп өтүштү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, ага карабастан полиция жана аскерлер демонстранттарды борбордук аймактардан сүрүп чыгарууга жетишкен. Митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим октор колдонулган.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф демонстранттар төрт аскерди унаалар менен тебелеп кетип, алар каза болушканын билдирди.

Имран Хандын миңдеген тарапташтары Исламабадга чогулуп, былтыр коррупция боюнча айыпталып абакка кесилген 72 жаштагы мурдагы премьер-министрди бошотууну талап кылышууда.

Белгиленгендей, шаарда дээрлик интернет жок, мектептерде сабактар ​​токтотулган.

Буга чейин Пакистандын бийлиги ар кандай жыйындарды, анын ичинде нааразылык акцияларын жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салгандыгы маалыматта кошумчаланган.






27.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: