super.kg logo

Германияда абакта күнөөсүз 13 жыл отурган адам 750 миң евро компенсация талап кылууда

 

Германиянын Бавария провинциясында адам өлтүрүүгө айыпталып, 13 жыл абакта отурган немис жараны Манфред Гендицки акталгандан кийин моралдык зыян үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Ал бул үчүн 750 миң евро сураган. Бул тууралуу Spiegel журналынын жазганына таянып чет элдик басыламалар билдирүүдө.

Журнал жергиликтүү прокуратура Гендицкиге абакта отурган 4916 күнүнүн ар бири үчүн 75 евродон жалпы 368 миң евродон ашык компенсация төлөгөнүн, бирок ал бул суммага канааттанбаганын жазган. Анда акталган адам төлөм бардык чыгымды жаппаганын мисал кылган.

Маалымдалгандай, ал адам сот системасы менен көп жылдар бою күрөшүп, ишти кайра кароону талап кылып, акыры жеңишке жеткен. Эксперттер Гендицки өлтүрдү деген аял кокустуктан каза болгонун далилдешкен.

Басылма 2010-жылы сот аны киши өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратканын, каза болгон аял ал жашаган үйдүн ээси болгонун кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: