super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Берлинде германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Бүгүн, 27-ноябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы акыркы 2 жылда үч кыргыз-герман бизнес-форуму, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке катышуусу менен кыргыз-герман ишкер кеңешинин эки жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн айтып өттү.

Президент быйыл өлкөдө кабыл алынган жеке ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун укуктарын, каражаттарын коргоо жөнүндө мыйзамга кеңири токтолду. Анда өлкөдө инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база иштей тургандыгын белгилеп, экономиканын артыкчылыктуу тармактарына капитал салууну жүзөгө ашырган инвесторлорго айрым жеңилдиктер жана преференциялар бар экендигин кошумчалаган.

Иш-чарада экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев ишкерлерге презентация жасап, учурдагы инвестициялык климат, мамлекеттик долбоорлор, бизнес үчүн келечектүү тармактар жана инвесторлорду колдоо чаралары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, германиялык бизнес өкүлдөр кыскача баяндамалардын жүрүшүндө өз бизнес-идеялары менен бөлүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: