super.kg logo

Пашинян ЖККУнун Астанадагы саммитине катышпайт

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-ноябрда Астанада өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катышпайт. Бул тууралуу жергиликтүү 24News порталына Армения өкмөтүнүн төрагасынын басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдирди.

"Армениянын ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышууну токтотуу боюнча позициясы өзгөргөн жок", - деген ал. Бул боюнча тышкы иштер министри Арарат Мирзоян да ушундай чечим кабыл алганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Пашинян “ЖККУ Армениянын коопсуздугуна, анын келечектеги жашоосуна жана эгемендигине коркунуч жаратат” деп ырастаган. Анын айтымында, уюмдун эки өлкөсү 2020-жылы Тоолуу Карабактагы аскердик операцияларда Азербайжанга жардам берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: