super.kg logo
  Саясат  

"Эл кыйналып жатыптыр". Депутат жаңы автобекеттин көчүрүлүшү тыгынды көбөйткөнүн айтты

 

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкектин батыш тарабына жаңы уюштурулган автобекет тыгындын көбөйүшүнө алып келгенин билдирди.

Ал студенттердин эң чоң көйгөйү автобус менен автобекет болуп жатканын белгилеп, Сокулук, Кара-Балтадан келгендер такси менен каттай баштаганын белгиледи.

"Мен кечки саат 6да үйгө баратып, Абдрахманов көчөсүндөгү аялдамаларда элдин батпай калганын көрдүм. Автобус болсо жок. Мэрия алып салган троллейбустардын ордуна автобустарды койбосо эл кыйналып жатыптыр. Сокулуктан, Кара-Балтадан келген студенттер "биз жаңы автобекет аркылуу келбей калдык" дейт. Анткени ал жол 2 саат убактысын алат экен. "Биз такси жалдап, акчабызды таксиге кетирип, түз эле 1 саатта келип жатабыз. Автобекет аркылуу ошол эле акчага 2 саат убакыт кетет", - дейт. Демек, бул чечим чийки болуп, элге ыңгайсыздык жаратып жатат. Тыгындын көбөйгөнү дагы ошол себептен. Анткени шаарга автобустун ордуна жеке таксилер көп кире баштады", - деди Абакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: