super.kg logo

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

 

Уюшкан кылмыштуу топко катышууга шектелип кармалган Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 5-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 27-ноябрда Каракол шаардык соту чыгарган. Сотко тийиштүү арыз менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.

Буга чейин ал 27-сентябрда Каракол шаардык сотунун чечими менен 5-декабрга чейин камакка алынган болчу.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген. 25-сентябрда УКМК Мамбеталиевдин миллиондогон мүлктөрү кылмыштуу жол менен табылган деген негизде мамлекетке алынганын маалымдаган. 10-августта Каракол шаардык соту аны 5-октябрга чейин камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: