super.kg logo

Ташиевдин уулу инвестор тарткан Өзгөн айланма жолу жасалып бүттү (видео)

 

Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолун жакында ачууга көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышкан.

"Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр. Анын ичинде 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктаган. Учурда жолдун четинде коопсуздук тосмолорду орнотуу, жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бийлик айланма жол өлкөдө алгачкы акы төлөнүүчү унаа жолу болорун билдирген. Президент Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев тапканын айткан.






29.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: