super.kg logo

№16 түзөтүү колониясына баруучу көпүрө оңдолуп, колдонууга берилди

 

Чүй облусунун Москва районундагы №16 түзөтүү колониясына алып баруучу унаа жолдо жайгашкан көпүрөнүн курулуш иштери толук аяктап, каттам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ага 390 метр асфальт-бетон катмары төшөлүп, анын ичинен 45 метри көпүрөгө куюлган. Жол чийиндери чийилип, темир-бетон тосмолору орнотулуу менен сырдоо иштери аткарылды.

"Жумуштар №1 Жол курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылды. План боюнча 650 метр каралган. Колониянын имаратындагы аянтчасында курулуш иш-чараларына байланыштуу калган 290 метр асфальт төшөө иштери кийинки жылдын жаз мезгилинде уланат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: