super.kg logo
  Саясат  

Ташиев кемпир-абадчылар менен жолукту. Анда эмнелер талкууланды? 

 

Бүгүн, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, акталган активист, саясатчылар менен жолукту. Бул тууралуу жолугушууга катышкан Жеңиш Молдокматов Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ал өз билдирүүсүндө Камчыбек Ташиевдин чакыруусу менен барып, ошондой эле Ташиевге ыраазычылыгын билдирген.

"Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин чакыруусу менен кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Саясий маданияттын жанданышы бүгүнкү күндүн жолугушуусу болду. Ачуу да, жактуу да сөздөр айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы, саясий маданияттын көрсөткүчү.

Саясий диалогго мүмкүнчүлүк түзгөн Камчыбек Кыдыршаевичке ыраазычылык билдирем", - деп жазган Молдокматов.

Эске салсак, Кемпир-Абад иши боюнча алгач 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыккан. Ал эми бешөөнүн иши ага чейин өзүнчө өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: