Ырчы Бегимай Турусбекова “Царица” аттуу орусиялык вокалдык шоунун кийинки туруна өттү (видео)
Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова Орусияны багындырууда. Ал Орусиянын "Царица" аттуу вокалдык шоу-сынагынын кийинки туруна өттү.
Ал акыркы чыгарылышта “Синий иней” аттуу ырды жаңы аранжировка менен балеттин коштоосунда тартуулады.
Ырчы калыстардын тобу берчү 40 упайдын 39ун алды. Ал эми залдагы көрүүчүлөрдүн 8,97 упайына татыды. Жалпы 47,97 упайга ээ болду.
1.12.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.