super.kg logo

Ошто кайнатасын бычактап өлтүргөн 27 жаштагы келинге сот өкүмү чыкты

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайнатасын өлтүрүүгө айыпталып кармалган 27 жаштагы келин 13 жылга, ал эми бул ишке катыштыгы бар жаран 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-декабрда Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Кара-Суу райондук соту 28-ноябрда чыгарган. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 122- беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 7-пунктту (Өзгөчө мыкаачылык менен), 15-пунктту (Адамдардын тобу тарабынан жасалган) менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкү конфискацияланган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Ошондой эле адам өлтүрүүдө келинге шерик болгон деген шек менен кармалган 27 жаштагы жаран Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 7,15-пункттары (Өзгөчө мыкаачылык менен, адамдардын тобу тарабынан жасалган) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, оку 1-сентябрда болгон. Анда 27 жаштагы келин милицияга кайрылып, кайнатасын пикир келишпестиктен улам бычактап өлтүрүп алганын айткан. Милиция иш боюнча жаңы жагдайлар аныкталып, шектүү катары келин менен чогуу 27 жаштагы Кара-Суу районунун туругуну дагы кармалганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: