super.kg logo

Кремль Меркелдин "Путин пивонун айынан саммиттен кечиккен" деген сөзүнө реакция кылды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2007-жылдын июнь айында Германиянын Хайлигендамм шаарында өткөн саммитке сыранын айынан кечигип барган эмес. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков теле алып баруучу Павел Зарубинге берген маегинде билдирди.

"Чындыгында, саммиттерде лидерлер ким менен баарлашууга муктаж болсо, убакытка карабай кыйын болсо дагы сүйлөшүүгө аракет кылышат. Мындан улам убакыт боюнча бир аз кармалгандар бар", - деген Песков.

Ал мындай ойлонууну "акылсыздык" деп атады.

Буга чейин Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Владимир Путиндин Германиянын Хайлигендамм шаарында өткөн G8 саммитине сырадан улам кечигип келгени тууралуу айткан. Анын айтымында, саммиттин алдында Путин мейманканадагы бөлмөсүнө өзүнүн жакшы көргөн пивосун алдыртыпп, андан көп ичип алгандыктан саммитке 45 мүнөттөй кечигип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: