super.kg logo

ТИМ Орусияда кыргызстандыктар кабылган жол кырсык боюнча билдирүү таратты

 

Орусиянын Саратов облусунун Кыргыз жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир жаран көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 2-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Ага ылайык, кырсык 1-декабрга караган түнү Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада болгон.

Toyota Sienna үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа жолдон чыгып кеткен. Анда 8 Кыргыз жараны болгон. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы жаран ошол жерден каза болуп, беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

"29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы орточо оордукта деп бааланууда", - деп айтылат анда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө, жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турары кошумчаланды.

Буга чейин Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир жигит каза болгону кабарланган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: