Улуттук онкология борборуна жаңы директор дайындалды

Бүгүн, 3-декабрда жаңы жетекчини эмгек жамаатка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр Букуевдин жетекчилиги астында дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.
Эске салсак, аталган кызматта буга чейин Бактыгүл Султангазиева иштеген. Ал 6-ноябрда кызматынан бошотулганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

