Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Рождество менен куттуктады
Бүгүн, 6-январда президент Алмазбек Атамбаев өлкө тургундарын Рождество майрамы менен куттуктады.
Автор: Дамира Арстанова
"Рождество - жаңылануу менен айкөлдүктүн майрамы. Өлкөбүздөгү бардык христиандарды жана жалпы кыргызстандыктарды эртеңки Рождество майрамы менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт жана ийгилик каалайм. Кыргызстанга тынчтык, биримдик жана өнүгүү тилейм" деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Белгилей кетсек, Рождество майрамы Кыргызстанда 7-январда белгиленет. Аны негизинен өлкөнүн христиан динин тутунган жарандары тосушат. Бул динди өлкө тургундарынын он пайыздан ашууну карманат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

