super.kg logo
  Саясат  

Нурсултан Назарбаев дагы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Коңшу Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

“Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ошондой эле алдыга койгон максаттарды жана пландарды ийгиликтүү ишке ашырууңузга тилектешмин. Боордош элдерибиздин ортосундагы достук жана кызматташтык мындан ары да биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн бекемделип, өнүгө берет деп ишенем”, - деп айтылат Казакстандын биринчи президентинин куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалаган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 56 жашка толду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: