super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулдарын банк карталары аркылуу төлөй алышат

 

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулдарын банк карталары аркылуу өз жеринде төлөй алышат. Мындай маалыматты бүгүн, 6-январда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз борбору таратты.

Маалыматка ылайык, мындай жаңы эреже административдик чараларды көрүүдө айдоочулар менен натыйжалуу иш алып баруу үчүн киргизилип жатат.

"Мындан ары "Демир Банк", "Виза", "Элкарт" жана "Мастеркарт" карталары бар айдоочулар эрежени бузганда айып пулду жол-кайгуул кызматкеринин жанындагы көчүрмө кассалык аппарат аркылуу төлөй алышат. Бул учурда алардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт" деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: