super.kg logo
  Саясат  

 Акылбек Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланын миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда тараптар акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшү, саясий туруктуулугу, энергетика, транспорт жана тоо кен тармактарында кенен сүйлөшүү жүргүздү.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүн 2030-жылга карата 30 миллиард долларга жеткирүү планы коюлганын, ал үчүн мамлекет башчысынын демилгеси болгон аймактын бүтүндүгүн сактоо, элдердин биримдигин бекемдөө жана салык тармагындагы реформаларды ишке ашыруу коюлганын билдирип, бул багыттардагы пландарды ишке ашырууда Евробиримдик менен болгон кызматташуу маанилүү роль ойнорун белгиледи.

Өз кезегинде Тери Хакала өзүнүн үч жылдык миссиясы учурунда бир топ иштер аткарылганын, Борбор Азияда анын ичинде Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнү кубандырарын, ошондой эле Евробиримдик Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин жана билим берүү, курулуш, инвестиция тармактарына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: