Ошто жер көчүп, жолду тосуп калды
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, аталган тилкени жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жер көчкүнүн көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, 35 миң метр кубдан ашкан.
Аталган тилкедеги өтмөк убактылуу жабылып, унаалар “Шаркыратма” ички чарбалык жолу менен айланып өтүүдө.
"Транспорт министрлигинин ДЭП 26 кызматкерлери жол тилкесин тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат", - деп билдирди министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.