super.kg logo

Венгрияда Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чара өттү 

 

6-7-декабрда Венгриянын (Мажарстан) Лакителек шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында 2023-жылы ачылган жана Кыргызстандын чегинен тышкары биринчи жолу орнотулган улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелигине гүлчамбар коюлду. "Манас" театрынын манасчылары Рысбай Исаков жана Нурбек Талантбеков эпостон үзүндүлөрдү аткарып, Мажарстандын жерин Манастын руху менен толтурду.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө Мажарстан парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, маданий жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чарага өзгөчө кооздук тартуулаган Кыргызстандын Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын студенттери болду. Алар Кыргызстан маданияты боюнча презентация жасап, кыргыз улуттук бийлерин жана комузда музыкалык чыгармаларды аткарышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: