super.kg logo

FINCA Банк Кыргызстандын эң мыкты банкы деп табылды!

 

FINCA Банк Кыргызстан The Banker эл аралык абройлуу басылмасынын Bank of the Year Awards 2024 сыйлыгына татыктуу болду. Бул сыйлык аялдарды колдоо, ишкердикти өнүктүрүү жана жакырчылыкка каршы күрөшүү жаатындагы чоң салымы үчүн берилди.

Банк аялдарга адистештирилген финансылык продукттарды сунуштап гана тим болбостон, коомдук уюмдар жана фонддор менен өнөктөштүктү да активдүү өнүктүрүп келет. Өнөктөштүк жана биргелешкен демилгелердин алкагында эң алыскы аймактарды да камтыган каржылык сабаттуулук боюнча рекорддук сериядагы тренингдер өткөрүлдү. Бул өнөктөштүк аялдардын өз бизнесин өнүктүрүүгө зарыл ресурстарга жетүүсүн камсыз кылып, кесиптик жана жеке өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Ошондой эле алардын ийгилигине өбөлгө түзгөн колдоо экосистемасын калыптандырды.

Бул сыйлык FINCA Банкынын Кыргызстандын коомунда жана экономикасында аялдардын ролун бекемдөө боюнча миссиясына берилгендигин дагы бир жолу тастыктайт. Биздин демилгелер туруктуу жана гүлдөп өнүккөн коомду түзүүгө өбөлгө болоруна сыймыктанабыз жана мындай абройлуу басылманын бизди таанып-баалаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

* The Banker — 1926-жылы негизделген, дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык финансы басылмаларынын бири. Financial Times медиатобунун бөлүгү болуп саналат жана дүйнөлүк банк тармагын талдоо, сереп жана рейтингдер боюнча адистешкен. Басылма тарабынан ыйгарылган сыйлыктар финансы секторундагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет жана банктардын эң жогорку стандарттары менен жетишкендиктерин таануу катары кызмат кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: