super.kg logo

Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилди

 

Бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар менен байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү багыт экенин баса белгилеп, 2025-жылга белгиленген Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Озодбек Назарбековду “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылышы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

Өз кезегинде Өзбекстандын маданият министри эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо ишине берилгендигин баса белгилеп, анын ишмердүүлүгүнө көрсөтүлгөн урмат-сый жана жогорку баа үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 15-декабрда саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында музыкалык кече болот. Иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын белгилүү искусство чеберлери менен катар өзбек маданият министри Озодбек Назарбеков катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: