Германиянын канцлери Ангела Меркель лыжа тээп жүрүп жаракат алды



Меркелдин бир катар расмий жолугушуулары токтотулду
Германиянын канцлери Ангела Меркель Швейцарияда лыжа тээп жүрүп травма алды. Маалыматка таянсак, анын жамбаш сөөгүнөн жарака кеткен. Буга байланыштуу Меркелдин алдыда пландалган 3 күндүк расмий жолугушуулары токтотулду. Эскерте кетсек, канцлер жакында жеңил автокырсыкка да учураган эле. Ал ичинде бара жаткан лимузин Берлинде аварияга учурап, бирок эч ким оор жаракат алган эмес.
Жакында лыжа тээп жүргөн жеринен атактуу германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер да оор жаркат алган. Абалы дагы деле оор бойдон экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

