super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаровдун кызматтан бошотулушунун себеби айтылды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Акылбек Жапаровдун кызматын тапшыргандыгы айтылып, кесиптештери аны кол чабуулар менен узатып жаткандагы видео тараган.

Жапаров өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген. Ал өлкө тарыхындагы эң узак мөөнөткө иштеген премьер-министрдин бири болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: