super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Ниязходжаевди кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды, анын ичинде баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдирди.

Ошондой эле Жапаров өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын номенклатурасынын кеңейишин жана экспорттук-импорттук байланыштардын бекемделишин белгиледи. Ал биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн сөз кылды.

Өз кезегинде элчи Ниязходжаев кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Ал Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы баракты ачып, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана достукту, өз ара түшүнүшүүнү, ынак коңшулукту мындан ары бекемдөөгө күчтүү түрткү бергенин айтты.

Өзбекстандын элчиси жолугушуулардын жыйынтыгында өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү, ошондой эле энергетика, транспорт, туризм жана регионалдык кызматташтык багытында инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча милдеттер коюлганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: