super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2014-жыл "Ош облусунун айылдык аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды

 

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2014-жыл "Ош облусунун айылдык аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков "мен облустун бардык аймагына барып чыктым. Негизинен чечиле турган окшош маселелер абдан  көп экен. Бүгүнкү күндө биз мына ушунун үстүндө иштөөбүз зарыл. Айыл жергесинде эң эле жөнөкөй маселелерге көңүл бурулбай жаткандыгын көрүп жатабыз. Эл менен жолугушуу учурунда да көчөгө шагыл төгүү, аялдамаларды оңдоо, көчөлөргө жарык берүү, сейил бактарды калыбына келтирүү сыяктуу маселелер көп айтылат. Ошондуктан биз 2014-жылды "Ош облусунун айыл аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жылы" деп жарыялоону чечтик. Айылдык жашоочуларга кам көрүү, айыл турмушун жакшыртуу бул - учурдун жана элдин талабы" деп билдирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: