Ырчы Шахра Талипова "Даңк" ордени менен сыйланды
Өлкөнүн Эл артисти Шахра Талипова "Даңк" ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду .Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Талипова учурда Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын фольклордук этнографиялык ансамблинин солисти. Ырчынын репертуарында “Барам сага”, "Эстей жүр", “Махабат”, “Түшүмдө”, "Сагынуу", "Карайм дайым жолуңду" жана башка ырлары бар.
Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров "Ынтымак ордодо" бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат.
23.12.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.