super.kg logo

"Каныкей эже менен аткарган ырыбыз күтпөгөн жерден хит болду" дейт Ырыскелди Сатыбалдиев

 

Бул жолу SUPER.KG порталынын Ютуб каналындагы Кавер SHOW долбоорунда таланттуу ырчы Ырыскелди Сатыбалдиев конокто болду. Ал жандуу үн менен бир нече чыгарманы укмуштуудай аткарып, ошол эле учурда чыгармачылыктагы сырларын, сахна артындагы жашоосун жана эмне үчүн жашын ачык айтпай турганын ачыктап кызыктуу маек курду.

Акыркы учурда ырчы Каныкей менен ырдаган ырлары социалдык тармактарда көп күйөрмандарды топтой алды, ырчы мырза ал ырлардын тарыхына дагы токтолуп өттү.

"Каныкей эже экөөбүз филорманияга бир учурда жумушка кирдик. Башында Аксай Муканбет уулу деген агабыз менен чогуу үчөөбүз ырдап жүрдүк, аны филармониянын директору өзү сунуштаптыр ушул үчөө ырдасын деп. Анан үчөөбүз ырдаган ыр социалдык тармактарга тарап кетти. Андан кийин агабыз бир себептерден улам Ошко барбай калды, ал эми Каныкей эже экөөбүз Оштогу концертке барып чогуу ырдап келдик. Эл жакшы кабыл алды. Келип клип тарттык, ыр жаздырдык, ошентип эле экөөбүз ырдап калдык", - деген ал.

Маекти толугу менен Ютуб каналдан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: